16.10.2018 14:20

Дарья Маслова, Айсулуу Тыныбекова. Президент дагы кимдерге «Даңк» медалын берет?

Дарья Маслова, Айсулуу Тыныбекова. Президент дагы кимдерге «Даңк» медалын берет?

Президент Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарында жетишкендиктери үчүн айрым спортчуларды жана машыктыруучуларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Өлкө башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, төмөнкү спортчуларга «Даңк» медалы ыйгарылды:

  • Багынбай уулу Төрөхан — жиу-житсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;
  • Каныбек Жолчубеков — грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;
  • Дарья Маслова — жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;
  • Магомед Мусаев — эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;
  • Айсулуу Тыныбекова — аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;

Андан сырткары төмөнкүлөргө «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам ыйгарылды:

  • Канатбек Арпачиев — Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
  • Мейрамбек Ахметов — Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу;
  • Нурбек Изабеков — Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу;
  • Токтосун Камчыбеков — Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси;
  • Ратбек Мамбетов — Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу.

Мындан тышкары, бир нече адамга Ардак грамота тапшырылды.